Menu

Путин кийинки мөөнөткө баруу тууралуу ойлонуп көрөт

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин 2018-жылдын март айына белгиленип жаткан президенттик шайлоого төртүнчү жолу талапкерлигин коюу боюнча ойлонуп көрөт. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн Буратиядагы кеңешме маалында жергиликтүү тургундардын биринин сөздөрүнө жооп берип жатып билдирди.

Видео аркылуу байланышка чыккан жаран “эл сизди кийинки шайлоодо да талапкерлигиңизди кайра коюушуңузду өтүнүп жатышат” деп айткан.

2000-жылдан бери президент жана премьер-министр катары бийликте келе жаткан Путин баш мыйзам боюнча 2018-жылдагы шайлоого катыша алат. Буга чейин алдыдагы шайлоого барар-барбасы тууралуу бир да пикирин билдирген эмес.

Ошол эле учурда оппозиция бийликти борбордук медианы, үгүт кампаниясын, добуш санакты катуу көзөмөлгө алып, тең атаандаштыкка шарт түзбөй жатат, административдик ресурс чексиз колдонулат деп айыптап келет.

Буга чейин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячы Алексей Навальный уурулук боюнча күнөөлүү деп табылгандыктан шайлоого катышууга уруксат берилбей турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: