Menu

БУУ: ИМ тобу Иракта езиддерге каршы геноцидди улантууда

Бөлүшүү:

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Ирак менен Сириядагы езид азчылыктарына каршы геноцидди улантып жатат. Бул тууралуу 3-августта БУУнун Сирияны иликтеген комиссиясы билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, эл аралык коомчулук буга каршы жетиштүү чара көрбөй жатат.

Комиссия Ракка шаарын бошотуу операциясы учурунда террорчулар шаардан чыгып кетер алдында туткундагы езид аялдары менен кыздарын сатууга далалаттанып жатышканын билдирди.

«Геноцид уланып жатат жана мамлекеттердин кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуу жана алардын алдын алуу боюнча милдеттенме алганына карабастан көпчүлүк учурларда ага көңүл бурулбай калып жатат», — деп билдиришти комиссиядан.

Террорчулар 2014-жылы августта Ирактын түндүк-батышындагы Синжар шаарын басып алышып, миңдеген езиддерди туткунга алган. Алардын көбүнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз.

Шаар 2015-жылдын аягында бошотулган. Ошондон бери аймакта езиддер массалык түрдө көмүлгөн ондогон мүрзөлөр табылган. Дагы канчасы ал жерден жакын турган Раккага көчүрүлгөнү белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: