Акаев доорунун акыркы учурларынан тарта бир топ мезгилдер бою «Мен 500 жылда бир жарала турган укмуш кишимин. Мени президент кылышыңар керек. Акаев деген голограф, мындайча айтканда болжолдуу бирдемелерди айта бере турган илимпоз. Мен болсо рентгенологмун. Мен таптак айтам. Кыргызстан мени президент кылганда гана гүлдөп өнүгөт» – деп боорду эзип турчу Кубанычбек Апас бул жолку шайлоодо негедир көрүнбөйт да. Апас жок саясый кампания тузу жок салаттай эле болуп калат экен. Жарыктык киши президенттикке түбөлүк талапкер болуп жатып, чарчадыбы же шайлоо күрөөсү 1 000000 (бир миллион) сом болуп кетип, капчыгы чак келбей калдыбы, айтор дымы чыкпайт. Башка аалам менен байланышы барлардан «Зима не будет» экөө тандем түзүшсө балким бир керемет жаралат беле деген эле ой.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ