Menu

Жегиле, тоногула, талкалагыла!

Бөлүшүү:

Учурда иштин көзүн билбеген аткаминерлер мамлекеттик кирешелүү ишканалардын жасалма банкроттук абалга жеткирип, ит бекер менчиктештирип алууну адатка айлантып алышты. Акаевдин мезгилинен башталган бул оорунун дарысы табылбай койду. Мына учурда жылына 50 миллион долларга чейин киреше берген «Мегаком» ишканасын сатып, түбүнө жетүүгө катуу аракет көрүлүүдө. Бул ишкананы сатуу үчүн 3 жолу аукцион болду. Бирок сатылган жок. Биринчи аукцион 2016-жылы 11-майда болуп, ишкана 19 миллиард 7 миллион сомго бааланды. Экинчи жолу 2016-жыл 16-декабрда өтүп, 14 миллиард 255,25 миллион сомго түштү. Үчүнчү ирет 2017-жыл 5-июнда болуп, 13 миллиард 500 миллион сом дагы төмөндөдү. Жалпы «Мегакомдун» баасы 5 жарым миллиард сомго чейин түштү. Эми болсо аукцион, конкурсу жок түз сатабыз деп турушат. Канчага сатышат, кандай негиз менен сатышат белгисиз. Бийликтеги кайсы бир үлкөн арзыбаган тыйынга сатып алып, кирешелүү тармактын ээси болуп чыга келет эмеспи?.. Айтмакчы, «Мегакомдон» тышкары «Идеал Хаус» толук курулуп бүтө элек имарат, «Мансард» коттедждик үйү жана жүргүнчүлөрдү ташыган үч ишкана: «Транс Союз Азия», «ВАСО» жана «Азамат», Кара-Балта спирт заводу сатылып жатат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: