Menu

Айтмаматка айта бар: Тарыхты унутуу –ата- тегин унутуу менен барабар

Бөлүшүү:

“Тарыхты унутуу –ата-тегин унутуу менен барабар. Тарыхы менен, тили жок эл, эл болбой калат”. Бул сөздөрдү президент Алмазбек Атамбаев айткан эле. Бирок тарых эле тарых, деп ажобуз канча айтканы менен анын сөзүн “пыш” деп да койбогон Ош шаарынын бийлиги тарыхты тебелеп, тактап айтканда тарыхый инсанды тебелеп, анын эстелигине асылганын койбой келет.

Дегенибиз Ош шаарындагы Б.Осмонов менен Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жолдо орнотулган Барсбек кагандын эстелигин башка аймакка жылдыруу керек деген популисттик кебин Ош мэри айтты. Анын пикиринде дал ушул тарыхый инсандын эстелиги жол тыгындарына себеп болуп жаткан имиш. Бишкекте болобу, Ошто болобу азыр шаар башкарып жаткандар жоктон бар  кылбай эле, тескерисинче бүтүндү бүлдүрүп, бар нерсени жок кылып, кыйып, кыйратып, көчүрүп  жиберүүгө маш болушту. Айкелди ары алып салуунун ордуна шаар бийлиги алгач жолду кеңейтүү маселесин ойлонду бекен?

Кыргыздын кыргыз болуусуна чоң салым кошконун тарыхчылар белгилеп, Барсбек кагандын тушундагы өнүккөн мезгил кыргыз тарыхынын өзгөчө бир ажайып барагы деп келишкенин  Кадырбаев укпаса дагы, билбесе дагы керек. Мыктысын көрө албаган пейили тардыктан, колу ийрисине тарткан өзүмчүлдүктөн улам учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев кезинде күлгө айланган Ош шаарын 3 жыл ичинде гүлгө орогон ошол учурдагы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов  демилгелеп чыгып орноттурган эстеликти көрө албастык менен алдыртууга ашыгууда. Тарыхты аттап, тарыхый бабаларыбыздын эстелигин кор кылып, болбогон бир шылтоо менен  Мырзакматовду жаманатты кылгысы келген азыркы мэр бул кадамы менен сеператисттерге  жагам деп жатабы, белгисиз.

Өз көмөчүнө күл тартып, өзүмчүлдүгүн көрсөтүүдөн мурда Кадырбаев президент Алмазбек Атамбаевдин кебине деле бир аз кулак төшөп койсо ашыкча болмок эмес. Жакында эле Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өз демилгеси менен уюштурулган “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумунда” 3 жыл мурун Улуу Манаска жана Барсбек каганга эстелик тургузууга уруксат сурап кайрылганда Алтай республикасынын жана Хакасия республикасынын жетекчилери баш тартышканын айтып кейибеди беле?

“Илгерки замандын эски калдыктары – ишенбөөчүлүк, шектенүүчүлүк дагы эле жергиликтүү бийликтердин кабинеттеринде өкүм сүрүүдө. Тарыхтан жана тарыхый эстеликтерден коркпош керек. Маңкурттук менен тарыхты бурмалоодон коркуш керек”- деген Атамбаев.

Демек, кыргыздын чыгаан уулу Мелис Мырзакматовдун демилгеси менен курулган дүйнөдө Барсбек Каганга арналып тургузулган жалгыз эстеликти көрө албай алып салуу керек деген шаар бийлиги маңкурттук кылып жатабы?

Келечек муунга бабалардын баскан жолун, кыргыз элинин карт тарыхын жеткирип турган Барсбек Кагандын эстелиги ордолуу Ош шаарына “батпай” калганы тарыхты түшүнгөн, ата-бабасын,  тарыхын сыйлап, аздектеген ар бир жарандын каңырыгын түтөтпөй койбойт!

Убагында ата-бабалардын баскан жолун алтын баракка жазып кала албаса дагы тарыхты баалаган Мелис Мырзакматов тарыхый айкелдерди тууралуу: “Мына ушул кезге чейин улуттук  идеологияны ой-кырдан издеп, өзүбүздөн-өзүбүз ыраактап, чыгышка да, батышка да бой уруп көрдүк. Биздин улуттук идеология эпосторубузда, санжыра-тарыхыбызда, каада-салт, үрп адаттарыбызда жатканын түшүнсөк да түшүнгүбүз келген жок.

Мисалы, канча мамлекеттер акчанын күчү менен жок тарыхын жаздырышып, жок баатырларын жасап жатышат. А бизчи, “Колдо бар алтындын баркы жок”,- дегендей, колубузда турган баалуу мурастарыбыздын, бар нерсенин баркына жетпей келебиз”- деп айткан. Мурдунун учунан алысты көрө албаган Кадырбаев муну да эсине түйө жүрсө ашыктык болбойт.

Анткени, бул эстеликтерди Ош шаарындагы эң чоң көчөлөрдүн кесилишиндеги айлампа жолдун чок ортосуна эрингенден курушкан эмес.

Себеби, 2010 жылы эки улуттун ортосуна чок салган сепаратисттер кыргыздардын тарыхы, идеологиясы, мамлекети болгон эмес, ордолуу Ош шаары өзбектерге таандык деп кыйкырып  чыгышканда, мына кылым карыткан кыргыз тарыхы, мына кыргыз элинин алгачкы Каганы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл деп атайын, элибиздин коюнунда котур ташы бар  душмандарына сес көрсөткөн, урпактарга бабалардын баскан жолунан кеп салган мына ушундай монументалдык саясаттын негизинде Барсбек Кагандын айкели тургузулган.

Муну Кадырбаев билбесе дагы кыргыз элине коюнунда котур ташын катып жүргөн сеператисттер жакшы билет. Колдорунан келсе Барсбек Кагандын айкелин ордолуу Оштон жок кылууга жанын аябаган кыргыз элинин душмандары жакшы билет. Элдин эмес өзүнүн жеке кызыкчылыгынан өйдө боло албаган Кадырбаев муну кайдан билмек эле?

Бабалардын баскан жолунан кабар берген бул айкелдер келечек муунга кыргыз элинин карт тарыхын үйрөтүп турганы эч кимге жашыруун эмес. Жөнөкөй эле мисал, Ош шаарында кичикей баладан аксакалдуу карыга чейин кимден сураба Барсбек Каган тууралуу айтаарга сөздөрү белен.

Мамлекетти, мамлекет катары калыптандырган бул – эл, ошол элдин тарыхы, экономикасы, руханий байлыктары жана анын маданияты”. Ал эми карт тарыхты чагылдырган айкелдерди жок кылгысы келгендер өлкө башчысы айткандай маңкурттар! Ал эми Барсбек Кагандын айкелин алабыз дешкендер сеператисттердин көчөсүнө той жасайбыз дешкендер!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: