Menu

Камила Талиева, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышын депутаты: “Айтмаматты токтоосуз кызматтан кетишин талап кылам!”

Бөлүшүү:

-Барсбек Кагандын айкелине “кол салуу” кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй мамлекетке жасалган чыккынчылык болуп саналабы? Оштун ушу таптагы мэри Айтмамат акенин дагы кандай “демилгелери” элди жийиркентип жатат?

Камила Талиева: Барсбек Кагандын айкелин башка жакка жылдыруу идеясын көтөргөндөргө токтоосуз чара көрүлүшү кажет. Ал гана эмес бул идеяны көтөргөн авторлорду сотко берүү керек.
“Кыргыздын тарыхына кол салуу” деп, тыянак чыгаруу менен, керек болсо, ээлеп отурган  кызматына татыксыз экенин баса белгилеп көрсөтүү зарыл. Анткени, мындай кадам кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй мамлекетке жасалган чыккынчылык болуп саналат.

Мен Ош шаарынын мэри кыларга жумушу жок калса, анда, пайдасынан зыяны көп жетекчини шаардын келечегине кол салдырбай, токтоосуз кызматтан кетишин талап кылам!

Ош шаары биздин, жалпы кыргыз элинин шаары! Ал эми калаа ичиндеги эстеликтер бул жалпы кыргыз элинин кылым карыткан тарыхы. Биздин келечек муунга, атадан-балага калтыра турган баалуу мурастарыбыз. Мындай элибиздин тарыхына, баалуу мурастарына “кол салууга” кыргыз  элинин душманы гана даай албаса, мен кыргызмын деген азаматтар мындайга жол бербейт!

Анан дагы бир ой келет экен. Бул эмне мурдагы мэр Мелис Мырзакматов жасаган деген ичи  тардык, көрө албастыкпы,– деген. Бирок, мындай жеке кызыкчылыктар, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгынан жогору турбаш керек! Эгер, азыркы мэр мына ушундай тайыздык менен иш кылып жатса анда, бир гана жооп: биз, эл-журт, Мырзакматовдун демилгеси менен жасалган улуу  мурастарыбызды жок кылууга жол бербейбиз.

Ошондуктан шаар мэрине айтаар кеңешим “Барсбектин каарына калба, оңбой каласын, Айтмамат мырза!”.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: