Касиетүү Соң-Көл жергесинде 30-июль күнү Тайлак баатырдын 220 жылдыгы өтүп, президенттен башка мамлекеттик чиновниктердин баары барышты. Мына ошолордун ичинен Икрам Илмиянов көпчүлүккө башкача жүрүш салып, тамылжып, бийликтин бактысына чөмүлгөн адам катары мартабалуу көрүнгөнүн байкадык. Атургай, ал келатканда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана каз катар тизилген вице-премьерлер, Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов баштаган лөктөр ийиле салам беришип, президиумдун төрүнө отургузушуп, ушунчалык бир урмат көрсөтүшкөнүн байкадык. Аягында Илмиянов кетип атканда эки жолтандабасты коштотуп, астына МАИнин машинесин алкынтып, зуулдаган боюнча Ысык-Көлгө сапар алыптыр. Сыягы, ал жакта да маанилүү иштер күтүп атса керек…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ