Сооронбай Жээнбеков 5-августта, жумушчу сапары менен Ош облусунун Чоң-Алай районуна барып, 2017-жылдын 3-5-майында болгон жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча министрликтер менен ведомстволорго берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышып чыкты. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Шибээ жана Кулчу айылдарындагы социалдык объектилерди көрдү.
Белгилей кетсек, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча буга чейинки берилген тапшырмалар, райондун климаттык шартын эске алуу менен оперативдүү түрдө ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтүшү керек болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ