Расмий статистикага таянсак, Кыргызстандын ЕврАзЭС өлкөлөрү менен товар алмашуусу 874,1 млн. долларга барабар болду. Бул көрсөткүч 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 11,4 пайызга өскөнүн айгинелейт. Ал эми 2017-жылдын беш айында экспорттолгон товарлар 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызды түзүп, 657,7 млн. долларга барабар болгон. 2017-жылдын январь-июнь айларындагы өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2 млрд. 272 млн. 3 мин, долларды чапчып, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 15,8 пайызга өскөн. Мамлекеттин экономикасынын негизги көрсөткүчү саналган ИДПнын көлөмү 193,9 млрд, сомду түзүп, реалдуу өсүш 106,4 пайызга жеткен. Салыштыра келсек, бул көрсөткүч 2016-жылы ушул мезгилге карата 96,9 пайыз болчу.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ