Menu

Ислам Каримовдун жээни паспорт ала албай жүрөт

Бөлүшүү:

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун жээни, журналист Жамшид Каримов 11 жыл жаткан психиатриалык клиникадан чыкканына жарым жыл болсо дагы паспорт ала албай жүрөт.

Ал Шавкат Мирзиёевдин виртуалдык кабылдамасына жиберген кайрылууларынын бардыгы жоопсуз калып жатканын айтты.

– 2006-жылы жайында Швецияга кетүү үчүн документтеримди топтоп жатканда менин паспортумду алып калышкан. Анан мени мажбурлап психикалык ооруканага жаткырышты. Ошондон бери паспортум жок жүрөм. Кызым жардам берүү өтүнүчү менен президенттин виртуалдык кабылдамасына кайрылган, бирок жооп беришкен жок. Мунун атайылап жасалып жатканын же кадимки эле өзбек бюрократиясы экенин билбейм. Паспортсуз мен пенсия да ала албайм, жумушка да орношо албайм. Азыр менде кызым берген акыркы алты миң гана сум (70 центке жакын) акчам калды, – деди Жамшид Каримов.

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун бир тууган жээни, журналист Жамшид Каримов бийликти ачык сындагандыгы үчүн психиатриалык клиникага жаткырылган.

– Эки ай эркиндикте жүргөнүмдү эске албаганда мен 10 жыл 5 ай толугу менен камерада жалгыз кармалдым. Шизофрения – бул мага тагылган жалгыз айып. Эгер адам психикалык жактан оорулуу болсо, анда аны физикалык жактан талкалоо керекпи? Чынын айтсам агамдын каза болушу мен үчүн сүйүнүчтүү кабар болду. Анткени анын өлүмү менин эркиндикке чыгуума түрткү болду, – деди Жамшид Каримов.

Ал тоскоолдуктарга карабастан журналист катары ишин улантууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: