Menu

Египетте кармалган казак студенттери мекенине кайтып келишти

Бөлүшүү:

20-июлда Египетте кармалган алты казакстандык студент мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Студенттердин Египет улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалгандыгы 24-июлда белгилүү болгон. Кармоонун чоо-жайы, студенттердин кайсыл жерде экендиги эки жумага жакын белгисиз болуп, буга байланыштуу Казакстан Тышкы иштер министрлиги Каирге нааразылык нотасын жөнөткөн.

1-августта Египеттин атайын кызматы казак элчилиги менен байланышып, студенттерди өлкөдөн чыгарышарын билдиришкен. Кармоонун чоо-жайы азыркыга чейин расмий айтыла элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: