2017-жылдын 4-август күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү элдик кошуундар менен биргеликте “Кара-куурай” рейдин өткөрдү. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жайыл районунун Сосновка айылында жумушчу топтун жардамы менен 2 гектар жапайы өскөн “кара-куурай” чаап алынып, өрттөө жолу менен жокко чыгарылды. Ошондой эле Жайыл РИИБдин милициянын ыйгарымдуу өкүлдөрү өздөрүнө бекитилген административдик участкаларында элдерге үйлөрүнүн тегерегиндеги жапайы өскөн кара-куурайларды жок кылуу иш-аракеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ушул сыяктуу иш-чаралар Чүй облусунун баардык аймактарында жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ