Menu

Кыргызстандык ажылардын алгачкы каттамы Медина шаарына учуп кетишти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-августта Манас Эл аралык аэропортунан Кыргызстандык ажылар ажылык милдеттерин өтөө үчүн Медина шаарына учуп кетмекчи. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Бишкек шаарынан жөнөп жаткан ажыларды Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Замир каары Ракиев,  КМДБнын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, САПтын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жума мырзалар узатышып, алар үчүн жакшы тилектерин айтышты. Ал эми Азирети Муфтий ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткан мекендештерибизге Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, аман-эсен барып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип, мамлекетибиз, эли-журтубуз үчүн ыйык жерден дуба кылууга чакырды.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы жалпысынан 15 каттам болуп, алардын ичинен 3 каттам Бишкек шаарынан болсо, калган 12 каттам Ош шаарынан жөнөтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: