Кыргыз Республикасында «Айыл чарбаны каржылоо-5» долбоору боюнча 2017-жылдын 3-августуна карата 4 млрд 102 млн 448,5 миң суммасында 9459 дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилди. Бул туурасында Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер аркылуу төмөнкүдөй насыялар берилди.
– «РСК Банк» ААК – 2697 насыя,
– «Айыл банк» ААК – 3314 насыя,
– «Оптима банк» ААК – 1206 насыя,
– КИКБ ЖАК – 638 насыя,
– «Кыргызстан» ААК – 1036 насыя,
– «Бакай банк» ААК – 568 насыя.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ