Menu

«Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» жана башка бир катар мыйзамдарга кол коюлду

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө», “Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда, жарандардын саламаттыгын сактоо жана калкты сапаттуу жана коопсуз дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу максатында  кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдарда дары каражаттарын  жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн укуктук негиздери аныкталып, дары каражаттарын  жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү талаптары белгиленип, ошондой эле   дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдү иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, алардын сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун баалоого, дары каражаттарынын, медициналык буюмдарды сатуунун жана дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка аракеттерге байланыштуу келип чыккан мамилелер жөнгө салынат.

“Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзамда  Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-процесстик кодекске, ”Кыргыз Республикасында  техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын  саламаттыгын сактоо  жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү  өзгөртүүлөр киргилди.

«Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми “Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эгерде  Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын фармацевтикалык  иш субьекттери үчүн талаптагыдай фармацевтикалык практикалардын эрежелеринин талаптары  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген  тартипте 2025-жылдын 31- декабрынан кечиктирилбестен күчүнө кирет. Бул мыйзамдын 16-статьясы 2026-жылдын 1-январынан тартып өз  күчүн жоготот.

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзамда  “Дары каражаттары жөнүндө” мыйзам, “Дары каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” 2012-жылдын 11-октябрындагы №171-мыйзамы күчүн жоготту деп табылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: