Menu

Абактагы атамандардын бошошуна эмне себеп болууда?

Бөлүшүү:

Аз күн мурун Чүй аймагындагы криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген каймана aт менен белгилүү Алтынбек Ибраимовдун акталганы, “Карышкыр” деген aт менен “мыйзамдагы ууру” атыккан Мурсалим Өмүрзаковдун Орусиядан Кыргызстанга депортацияланганы тууралуу маалыматтар коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштоодо. Кара-Суу райондук сотунун 6-июлда бир жарым жылдык тергөөдөн кийин Ош облустук башкармалыгынын кызматкери, полковник Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталып кармалган Кадыр Досоновдун акталышы да чоң талкууларды жараткан. Мына ушул абактагы атамандардын бошотулушу боюнча биз бүгүн коомчулуктагы төбөсү көрүнгөн белгилүү инсандарга кайрылып ойлорун уктук…

Өмүрбек Кутуев, генерал:

-Кандай, кантип, эмне болуп бошонуп жатышканын билүү кыйын. Сот кандай чечим чыгарып, эмненин негизинде бошотуп жатат ким билет? Түштүк жергесинде кадыр- баркы бар Кадыр Досонов деген жигиттин камалганына аз эле болгон. Эмне болуп бошонуп чыкканын мен түшүнбөй турам. “Карышкыр” деген ат менен “мыйзамдагы ууру” атыккан Мурсалим Өмүрзаков болсо Россиядан депортацияланганы айтылууда. Аны Кыргызстана алып келиштин кереги жок. Анын ошол жакта болгону жакшы. Эгер көзүн тазаласа, ошол жактан бирөөлөр тазалап кетээр. Эсиңердеби, аны эки жыл мурун Россиядан кармап, самолёт менен алып келишпеди беле. Абакта аз убакыт отуруп эле кайра бошонуп чыккан. Ал эми Чуй аймагынан чыккан “Алтуха” деген каймана ат менен белгилүү Алтынбек Ибраимовду мен жакшы билем. Ал дагы өтө таасирдүү жигит. Негизи шайлоонун алдында ушундай камактагы таасирдүү адамдардын абактан чыгышы болуп эле келген. Убагында ыраматылык Рысбек Акматбаев деле шайлоонун астында абактан чыккан.

Байтемир Ибраимов, Башкы прокурордун мурдагы орун басары:

-Булардын бошонушу боюнча эл арасында эртең жаан жаайт же жаабайт деген сыяктуу божомолдоп айтылуулар көп болууда. Кандай айтылса дагы алдыда чоң саясий кампания болгону турат. Бардыгы ошол кампаниянын алдында болуп жаткан соң албетте коомчулукта ар кандай бүдөмүк ойлор жаралбай койбойт. Юрист катары баа берсем, аларга козголгон кылмыш ишинин негизин, маңызын билбей туруп бир нерсе деп айтуу кыйын. Бирок 26- жылдан бери мамлекетибиздин тарыхында шайлоо алдында криминалдык күчтөр баш көтөрүп, алар шайлоого, саясатка аралашып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп келишкени белгилүү эмеспи. Ал эми алар абактан чыгып алып эл арасына ызы-чуу салат деп чочулоонун кереги жок. Алар кайсы учурда ызы-чуу салышы ыктымал. Эгер күч органдары өз милдеттерин так аткарып иштебесе, ошондо ызы-чуу салышы мүмкүн. Болбосо алар тынч эле оокатын кылышат. Эгер чабышса, бири-бири менен, өздөрүнүн тили менен айтканда “разборка” кылуулары ыктымал.

Артур Медетбеков, генерал:

-Акыркы убакта криминалдык топтордун башчыларынын кандайдыр бир белгисиз жагдайлардын негизинде абактан эрте чыгып кетиши бүгүнкү болуп жаткан саясий процесстерге байланыштуу деп эсептесек жаңылышпайбыз. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери Кыргызстандын жетекчилеринин көбү жана жетекчилердин жанында жүргөн топ адамдар криминалдык чөйрөдөгү адамдарды шайлоо маалында колдонууга аракет жасашкан жана колдонуп келишкен.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: