Menu

Казакстанда облустук кеңештин депутаты өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

Жамбыл облустук маслихатынын депутаты Кайрат Терликбаев асынып өлдү. Облус прокуратурасынын милдетин аткаруучу Айдос Майлыбаевдин билдиришинче, 56 жаштагы Кайрат Терликбаевдин сөөгүн 5-августта Луговое айылындагы үйүндө анын жубайы тапкан.

ИИМ «өзүн өлтүрүүгө чейин жеткирүү» беренеси боюнча тергөө иштерин баштады.

Прокуратура өкүлүнүн айтымында, депутаттын денесинде күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн Мерке айылына жөнөтүлдү. Терликбаев өлүм алдында кат жазып калтырган эмес.

Жергиликтүү кеңештин депутаты «Казак темир жолу» компаниясынын өкүлчүлүгү эсептелген «Луговое рельс ширетүү ишканасынын» директору болуп иштеп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: