Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жыйындар залында «Үй-бүлөнү сактоо» аталышында семинар өтүп, ага райондун акими Д.Б Иманалиев, ЖК депутаты А. Самигулина, ЖК эксперти А. Алыева, райондун баш имам хатиби Максат Сейталиев, Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев жана имамдар катышышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Семинар алкагында үй-бүлөнүн бүгүнкү күндөгү абалы, азыркы учурда эли-журтубузга, өсүп келе жаткан муунга үй-бүлө күтүү зарылдыгы боюнча кеңештер, фактылар жана кызыктуу маалыматтар менен коштолуп, семинар талкуу менен коштолду.
Ал эми Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Ислам дининдеги үй-бүлө куруу зарылдыгы туурасында баяндама жасап, катышуучуларга кызыктуу маек куруп берди.
«Үй-бүлөнүн адам баласынын жашоосунда өтө маанилүү орду бар. Үй-бүлө коомдогу тынчтыкты коргоочу баштапкы уюм. Ислам дини адамдарга шарият көрсөткөн жол менен үй-бүлө курууга буйрук кылат. Шарият никесиз жол менен куруулчу үй-бүлөгө тыюу салат»,-деди Максат Сейталиев.
Семинар Чолпон-Ата шаардык мэриясынын демилгеси менен уюштурулуп, катышуучулар өз ойлорун ортого салышып, кызыктуу пикирлерди алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ