Menu

Укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев «Коррупцияга жана экономика чөйрөсүндө кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин аппаратынын расмий сайты маалымдады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  жеке менчикти, бизнести, ишкерлердин, жалпы эле коомдун  укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, коррупциянын түпкү себептерин жоюуга жана укук коргоо органдарынын заманбап тутумун түзүүгө багытталган, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү  чакырыктарга жана коркунучтарга  жооп берген укук коргоо тутумун өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзамда  Кыргыз Рсепубликасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилет. Тактап айтканда  бардык экономикалык кылмыштарды иликтөө  милдетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын карамагына өткөрүп берүү каралат.

Мыйзамда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын жоюлушуна байланыштуу Эмгек кодексине, “Изин суутпай  издөө иши жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга  бирдей аскердик милдети  жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга   өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: