Талас шаардык милиция бөлүмүнө Талас шаарынын борбордук базарында иштеген соодагерлердин сумкалары белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгы тууралуу арыздар келип түшкөн. Бул туурасында Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Сатуучулар базарда соода менен алектенип жаткан учурда акча, баалуу буюмдар, уюлдук телефондору жана документтери салынган сумкалары уурдалып кеткен. Талас ШИИБнин ыкчам кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында кылмыштуу топ аныкталып кармалган. Алар Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын тургундары бир тууган үч эже-сиңдилер жана баласы экендиги такталган. Бүгүнкү күндө алар күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 85 000 сомду түзөт.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча Талас ШИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөр Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ