Menu

Шайлоодо үч партия бир талапкерди сүрөөнгө алмай болду

Бөлүшүү:

“Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары шайлоодо бир талапкерди сүрөөнгө алууну чечишти. Мындай кадамдарын алар элдин биримдигин, туруктуулукту жана таза шайлоо өткөрүүнү камсыздоо менен түшүндүрүшүүдө.

Партиялардын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев бул маалыматты тастыкташты.

2011-жылы Ташиев менен Мадумаров 20% ашуун добуш топтоп, Атамбаевден кийин эле экинчи жана үчүнчү орунду камсыздашкан.

Саясат таануучу Денис Бердаков эгер альянс бузулбаса, шайлоо эки тур менен өтөрүн билдирүүдө.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Учурда өлкө башчы болуу ниетин 59 адам билдирди. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев алты жылдан бери президент жана мыйзам боюнча экинчи мөөнөткө шайлана албайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: