Menu

Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Түркия Республикасына учуп кетти

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  8-августта, эки күндүк иш сапары менен Түркия Республикасына учуп кетти. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушуусу пландаштырылган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында «Манас» эпосунун баатырынын эстелигинин ачылыш аземине, «Манас» тууралуу китептин бет ачарына, кыска метраждуу тасманын көрсөтүлүшүнө жана «Манас» эпосу жөнүндөгү театралдык иш чарага катышат.

Ошондой эле Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландаштырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: