Menu

Россиянын 37 млн. долларын бир ай ичинде төлөш керек

Бөлүшүү:

Чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасынын чечиминен кийинки бир ай аралыгында Россияга 37 миллион доллар төлөшү керек. Ал эми үч ай ичинде долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгышы зарыл. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаев билдирди. Анын айтымында, 4-августта ишкананын акционерлери кезексиз жыйынга чогулуп, катышкандардын жалпы санынын 96 чехиялык компания менен инвестициялык макулдашууну кубатташты. “Электр станциялары” Мамлекеттик мүлк фондуна кирген Улуттук энергохолдингге карайт.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты “Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат” деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

Компания ээси Михаэл Смелик “Азаттыкка” берген маегинде чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.

2012-жылы Кыргызстан жана Россия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Россиянын “Рус-гидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Россияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: