Menu

Мыйзамсыз ок атуучу куралдарды алып жүргөндөр көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 2017-жылдын 25-июлунда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Лесхоз айылынын тургуну 1989-жылы туулган Ш.Т. аттуу адамга таандык болгон “Хонда-Стрим” үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда мыйзамсыз сакталган 7,65 мм калибрлүү “Браунинг” үлгүсүндөгү тапанчасын табышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми Лейлек райондук ИИБнин кызматкерлери 4-август күнү Ак-Чечек жайлоосунда Орто-Сай айылынын 1987-жылы туулган Н.Р. аттуу жашоочусунун короосунан тийиштүү документтери жок 16 мм калибрлүү сайсыз ок атуучу куралын таап алышкан.

Бүгүнкү күндө алынган курал жарактарга экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

ИИМ эскертет: Мыйзамсыз курал саткандар, ташыгандар, куралдын негизги бөлүктөрүн жанына алып жүргөндөр, ошондой эле курал-жарактарды даярдагандар жана оңдогондор, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: