Menu

Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы августтун аягына чейин өтөт

Бөлүшүү:

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы августтун аягына чейин болот. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Министрдин айтымында, азыркы тапта кепил өлкөлөрдүн – Орусия, Түркия жана Ирандын эксперттери Тегеранда жолугушуп, Астанада талкуулана турган маселелерди пландашууда.

Өткөн айда Орусия, Иран жана Түркия Астанадагы эки күндүк отурумдан кийин Москва сунуштаган коопсуз зоналар боюнча акыркы чечимге келишкен эмес.

Орусия менен Иран Сирия президенти Башар Асаддын аскерлерин колдоп келсе, Түркия оппозициячыл күчтөрдү кубаттоодо.

Өткөн аптада Орусиянын коргоо министри коопсуз зоналарды түзүү боюнча сирия оппозициясы менен макулдашууга жетишкенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: