Ар бир эле мамлекеттин символикасы болгон Герб, Желек жана Гимни ыйык саналып, эл аралык, мамлекеттик иш-чараларда гана колдонулат.
Ал эми бул мамлекеттик атрибутикаларды ыплас иш-чараларда колдонуу бүтүндөй ошол мамлекет менен элди шылдыңдоого барабар эмеспи. Бирок башкалары жетишпей жаткансып, өткөн жумада тээ Швециянын баш калаасы Стокгольмдо жыл сайын өтүп келген гейлердин парады болуп, анда Кыргызстандын желегин кимдир-бирөөлөр көчөдөн желбиретап өтүптүр. Ооба, ал жерде бир катар мамлекеттердин желеги желбиреди. Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан, Тажикстапдын дагы желегин көрүүгө болот. Өзүн “кыргызстандыкмын” деп тааныштырган жигит алгач Казакстандын, кийин Кыргызстандын желегин көтөрүп чыккан. Балким, кошуна өлкөлөрдүн тиешелүү кызматтары бул көрүнүшкө өз баасын беришер. Бирок биздин коомчулук гана тынчсызданып, бир да мамлекеттик органдар ооз ачып жооп бербей койгондугу таң каларлык. Бул Кыргызстан гейлерди колдойт деген мамиле болбосо да, кайдыгерлик эмеспи? Башка мамлекеттерде, мисалы Түркияда желегине шек келтирип койсоң, мамлекеттин душманы катары кабыл алышат. Эгер ушинтип отурсак, анда ансыз деле ашмалтайы чыккан мамлекетибиз дүйнө жүзүнө ого бетер шерменде болуп бүтөт го. Эй, Ак үй, Көк үйдөгүлөр, эмне кылып отурасынар?!
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ