Menu

Өзбекстан өлкөдөн чыгуу визасын жоюуга даяр

Бөлүшүү:

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өлкөдөн чыгуу визасын жоюу, акырындык менен чет өлкө паспортун киргизүү боюнча долбоор даярдалды.

Бул тууралуу 7-августта Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жетекчилиги алдында өткөн мекеме аралык жыйында белгилүү болду.

Иш-чарага Президенттик аппарат, Башкы прокуратура, ИИМ, Персоналдаштыруу боюнча мамлекеттик борбор, Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиктин өкүлдөрү катышты.

Өзбекстан – эски совет аймагынын совет доорунан мураска калган “экзит виза” тартибин азыркыга чейин сактап келе жаткан жалгыз өлкө. Ал визаны Өзбекстандын жарандарына өлкөдөн кандай себеп болбосун тышка чыгууда алууга туура келет.

Бул иш узак убакытка созулган бюрократиялык эрежелер менен коштолуп, аны алууда өзбекстандыктар каржылык чыгымга да кириптер болушат.

Чыгуу визасын жоюу – өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин демилгелеринин бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: