Menu

Түркмөнстандыктар Ашхабадга кирүүдө тоскоолдуктарга туш болушууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстан борборуна башка аймактардан келген автоунаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилгенден бери облус жашоочулары Чоганлы станциясында автобустарды бир сааттан ашуун күтүшүүдө.

Азия-2017 оюндарынын алдында Ашхабадга облустук номурга ээ унаалардын кирүүсүнө тыюу салынган. Бийликтин көрсөтмөсү менен аймактардын жашоочулары борборго жакын жайгашкан Чоганлы станциясына автоунааларын токтотуп коюуга аргасыз болушууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Ашхабаддын түндүк бөлүгүнө жакын жайгашкан Чоганлы станциясынан борборду көздөй бир гана каттам бар. Жургүнчүлөр автобусту кеминде 1 саат 20 мүнөт күтүшөт. Аялдамаларда алар үчүн шарт түзүгөн эмес.

Буга чейин Ашхабаддын четинде аймактардан келген автотранспорттор үчүн унаа токтотуучу жай курулары маалымдалган. Апрелдин башында Түркмөнстан борборун эски автомобилдерден арылтуу чаралары башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: