Menu

Текебаевди жарыштан четтетүү аракети күч

Бөлүшүү:

Абактагы саясатчы Текебаевдин юристтери БШКнын үстүнөн арыз жазып, прокуратурага кайрылуу ниетинде турушат. Анын себеби, Текебаевге президенттикке талапкер катары мамлекеттик тилден берилүүчү сынакка жолдомо бербей атышканы болууда.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери эгер БШК бул маселени оң жагына чечпесе, анда прокуратурага кайрылышат.

Белгилей кетсек, Текебаев мамлекеттик тил боюнча сынакты 26-июлда тапшырмак. Бирок, Биринчи май райондук соту ага сынакка катышууга уруксат берген эмес.

БШК “бул маселени сот аркылуу чечүү керек” деп билдиргендиктен, Текебаевдин юристтери район аралык сотуна кайрылышкан. Бирок, андан да жыйынтык чыкпаган. Эми прокуратурага арыз жазышат. Мындан жыйынтык чыгабы, же адаттагыдай мыйзам эмес, бир тараптын кызыкчылыгы үстөмдүк кылабы, убакыт көрсөтөт. Бийлик Текебаевди эркиндикке чыгаргысы келбей, “бооруна” басып жатууну оң көрүүдө.

Учурда Текебаевдин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы тарапташтары да бийликтин саясатчыны шайлоого катыштырбоого байланыштуу арам оюндарына каршы Бишкектеги ачкачылык акциясына кошулганы маалым болду. Анын башында Текебаевдин “Баатыр эне” наамына арзыган карындашы Нурила Текебаева турат. Акцияны “Ата Мекен” партиясынын штабында өткөрүп атышат.

Баса, кечээ “ата-мекенчилер” Текебаевди колдоо багытындагы чогултулган кол тамгаларды БШКга тапшырышты. Маалыматка караганда, жалпысынан 38 642 жарандын кол тамгасы тапшырылды. Текебаевдин президенттикке баруусун колдоо үчүн 50 000ден , ашык жарандардын кол тамгасы чогулган. Талапкердин тарапташтары андан иргеп, жарактуусун БШКга өткөрүштү. Кол тамгалар өлкөнүн жети дубанынан чогулган. Бланктарды БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүү үчүн жумушчу топко тапшырып берди.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: