Menu

Бишкек эми чыныгы баш калаага айланчудай…

Бөлүшүү:

Борбор калаабыз акырындык менен болсо да өнүгүп, чыныгы мамлекеттин баш калаасына айланат экен. Бул багытта Бишкек мэриясы калааны 2017-2020-жылдарга чейин өнүктүрүү боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. Анда алдыдагы жылдар ичинде шаарды жакшыртуу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын аракеттери так белгиленген. Долбоордун  программасы эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүккө долбоорду ишке ашырууга каражат табылгандар киргизилсе, экинчи бөлүккө каражат табыла электер кирген. Долбоордун биринчи  бөлүгүнө киргендер:

– Муниципалдык 47 автотоктотуучу жайга акы алына турчу системаны киргизүү;

-10 бала бакча куруу;

– Электр энергиясын бир жылда жарым миллион киловатт саатка чейин үнөмдөө;

– Түштүк-батыш көрүстөнүн жабуу, жана маркумдарды көмө турчу башка жайларды кароо;

– Төрт паркты оңдоо;

– Бак-дарак отургузулган аймакты чоңойтуу;

– 90 чакырымдан ашык жолду оңдоо;

– 10 миң жаранды газга туташтыруу;

– Автобустардын санын көбөйтүү;

Экинчи бөлүк:

Азырынча күндүн энергиясын топтоочу гелиоколлектер долбооруна акча табыла элек. Андан сырткары, троллейбустун линиясын чоңойтуу, 600 лифтти оңдоо, бир катар театрлар үчүн  костюмдарды тигүү долбоор боюнча турат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: