Menu

Ош облусунун тургуну “героин” баңгизаты менен кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан 2017-жылдын 8-август күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ош облусунун 1977-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу кармалган. Кармалган жаранды текшерүү учурунда “героин” баңгизаты табылып, жалпы салмагы 3 кг. 700 граммды түзгөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Ош ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: