Menu

Келечектин Бишкеги. 5 жыл мурда шаардык бийлик эмне убадаларды берди эле?

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын бийлиги буга чейин өтө көп убадаларды берген. Бирок, алардын көбү кагазда же жаңылык басылмаларынын беттеринде гана калды. Kloop.kg редакциясы 5 жыл мурун берилген, эсте калган бирок аткарылбаган убадаларды жыйнап чыкты.

Таштандынын ар кайсы түрүнө контейнерлер

Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов 2013-жылы Бишкекте айнектер үчүн өзүнчө, кагаздарга өзүнчө жана тамак калдыктарына өзүнчө котейнерлер коюлат деп убада берген. 2017-жылга жаңы контейнерлер пайда болду, бирок баягы убада кылынган ар кайсы түрүн көргөн жокпуз.

 

Таштандыны кайра иштетүчү завод

Өмүркулов токтоп калбастан Бишкекте таштандыны кайра иштете турган завод курулат деп айткан. Бул нерсени талкуулоо бир нече жылдан бери жүрүп келет, бирок завод дагы деле жок.

Терентьевдин үйүн реставрациялоо

Ошол эле Өмүркуловдун жаңы нерселерди салып берем деген эле эмес эскини жаңыртам деп дагы айтканы бар.

2013-жылы “Ата-Мекендин” депутаты Наталья Никитенко мэрге кайрылып, шаардын эң биринчи мэри Илья Терентьевдин үйү авариялык абалда экенин айткан. Анын да көңүлүн калтырбай шаар башчысы “биз акча таптык, бизге макулдук беришсе эле жакынкы убакта ремонтту баштайбыз” деген. Бирок азыр ал үй урандыларга айланып калды.

 

 

Бишкектин ортосундагы 50 кабаттуу үй

Эң амбициялуу убадалардын бирин шаар бийлиги 2011-жылы берген. Алардын айтымында Чүй менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 50 кабаттуу үй курулмак. Анда турак үйлөр жана соода комплекстери болмок, а жер алдындагы автотурукка болсо 1000 автунаа батмак.

 

Троллейбустардын жүргүнчүлөрү үчүн электрондук төлөмдөр

2013-жылы шаардык бийлик троллейбустарда электрондук түрдөгү төлөмдөрдү ишке ашырабыз деп убадалаган. Азыр мындай мүмкүнчүлүк жок. Бирок, жаңы мэр Албек Ибраимов ушул жайда электрондук төлөмдөр ишке ашат деп кийинки убаданы берди.

Үй-жайсыз калган жаныбарларга атайын имарат куруу

2012-жылы Өмүркулов шаардыктарга ээси жок, талаада калган иттерге атайын имарат куруп берем деген. Бул убада жолбуун иттерди аткылап башташканда эл тарабынан коюлган катуу сындан улам берилген.

“Акча жетпей жатканына карабастан, мен жолбуун иттерге атайын имарат курам деген максат койдум. Мейли бул иштин баасы 5-10 миллион сомго чыксын”, – деп айткан Өмүркулов.

Учурда борбордогу иттерди кармоочу жайлардын бардыгы бишкектиктердин өздөрүнүн акчасы менен кармалууда. Алар мэрияга атайы питомник жасоосун өтүнүп бир нече жолу кайрылышкан, бирок алардын өтүнүчү эч кандай жыйынтык алып келбей жатат.

Kloop.kg сайтынан кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: