Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Анкарада Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолукту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков шейшембиде, 8-августта, Түркиянын  Анкара шаарында Туркия Республикасынын  Премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолукту. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Өкмөт башчыларынын жолугушуусу алгач тар чөйрөдө өтүп, кийин сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттүк делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген курамда уланды.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Билим берүү жана илим министри  Гүлмира Кудайбердиева жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов бар.

Жолугушууда билим берүү, маданият, айыл-чарба, жана соода-экономикалык өнөктөштүк тармагындагы эки тараптуу кызматташуулардын келечеги тууралуу сөз болду.

Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым, Түркия достук мамиледеги Кыргызстан менен бардык тармактар боюнча, анын ичинде экономика, маданият жана билим берүү тармагында кызматашууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал эки тараптуу алакаларды күчөтүү керектигин айтуу менен, жакын арада кыргыз-түрк соода экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгына токтолду. Бинали Йылдырым эскерткендей, 1992-жылдан бери билим берүү тармагында 3500 студент Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алган. 2016-жылы кыргызстандыктар үчүн 100 квота берилип, билим берүү тармагындагы программа уланууда.

«Сиздин Түркияга болгон сапарыңыздын алкагында Стамбул шаарында «Манас»  эпосунун каарманына эстелик ачылып жатканы кубандырат. Бул жалпы түрк элинин маданий баалуулугу», — деди Бинали Йылдырым.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу дипломатилык алака башталгандан бери бардык тармактар боюнча кызматташтык динамикалуу өнүгүп келе жатканын баса белгиледи. Ал Кыргызстан боордош Түркия менен болгон мамилесин жогору баалап, анын мындан ары да бекемделишине кызыкдар экенин кошумчалады.

«Түркия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.  Биздин өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды күчөтүү зарыл», — деди Сооронбай Жээнбеков. Бул үчүн кыргыз-түрк соода экономикалык комиссиянын ролу зор экенин билдирип, буга байланыштуу Бинали Йылдырымдын сунушун колдоп, комиссиянын кезектеги жыйынын эртерээк өткөрүү керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда тараптар эл аралык уюмдар менен биргеликте маданий-гуманитардык багыттагы маселелерди чечүүгө кызыкдар экенин жана ал үчүн министрликтер менен ведомстволордун деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, маселени ылдам чечүүгө болорун билдиришти. Түркия тарап Кыргызстандын маданият күндөрүн Кыргызстанга ыңгайлуу убакытта Түркиянын каалаган шаарында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: