Menu

Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков шейшемби,  8-августта, Түркия Республикасына болгон эки күндүк  иш сапарынын алкагында Стамбул шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Сүйлөшүүлөргө Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева катышты.

Мекендештер мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланышкан көйгөйлөрдү, тактап атйканда биздин өлкөнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунун Кыргызстандын жарандарына түрдүү документтерди берүүдөгү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле алар  билим берүү,  жаш адистерге колдоо, Түркияга дарыланууга келген кыргызстандыктарга кмөкө көрсөтүү боюнча суроолорго жоопторду алышты.

Сооронбай Жээнбеков мекендештер менен жылуу учурашып, диаспора өкүлдөрүнө  Түркиядагы бардык кыргызстандыктарды бириктирип,  «Достук коому жана Кыргызстандын маданиятын» бекемдеп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Сиздер кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыздар. Мындан тышкары мекендештерге бардык багыттарда жардам көрсөтүп,  анын ичинде Търкияда окуп жаткан  студенттерге укуктук колдоо көрсөтүүдө сезилээрлик иштерди жүргүзүп  жатасыздар», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, диаспора өкүлдөрү ошондой эле Стамбулда «Манас» эпосунун каарманынын айкелинин ачылышына байланышкан уюштуруу маселелерин чечүүгө жана түрк тилине которулган  «Манас» китебинин бет ачарына  активдүү катышты.

Өкмөттүн  кыргызстандын экономикасында жүргүзгөн саясаты тууралуу Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, негизги басым экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө жана колдоого жасалууда. Өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялануусунун алкагында жашаган 170млн адам биздин республиканын бардык аймактарында жаңы  өндүрүш ишканаларын ишке киргизүүдө.  Ал ошондой эле Кыргызстан – Борбордук Азияда ВСП макамын алган жападан жалгыз өлкө экенин, мында 6 миңге жакын аталыштагы продукциялардын Европанын рыногуна салыксыз чыгарууга мүмкүнчүлүк берилгенин өзгөчө белгиледи.  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө белгилегендей, Өкмөт пикир алышууга ар дайым ачык жана өлкө сыртындагы кыргызстандыктарга  жардам көрсөтүүнү маанилүү милдеттеринин

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: