Menu

БШКнын эки мүчөсү Текебаевдин тил сынагы боюнча спикерге кайрылды

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо коммисиясынын эки мүчөсү «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери, президенттикке аттанган Өмүрбек Текебаевди кыргыз тил сынагына киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жолдошту.

Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова кол койгон катта Текебаевди сынактан өткөрүү маселесин фракция лидерлери менен талкуулап, чечүү өтүнүчү айтылган.

7-августта БШКнын төрт мүчөсү Текебаевдин маселесин күн тартибине киргизүүнү сунушташкан. Бирок калган жети мүчөсү каршы чыгып, маселе каралган эмес. Алардын баамында камактагы талапкерди тил сынагына киргизүү жол-жобосу мыйзамда каралган эмес. БШКнын төрайымдан тышкары 11 мүчөсү бар.

Биринчи май райондук сотунда иши тергелип жаткан Өмүрбек Текебаев өзүн-өзү президенттикке көрсөткөн. Анын тарапташтары 40 миңге жакын кол тамга топтоп БШКга тапшырган.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөзүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону саясий буйрук деп четке кагууда.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: