Menu

Сооронбай Шарипович, “Ысык-Атанын” директоруна да “Чык эшикке!” дей турган учур келди!

Бөлүшүү:

Балдарды, өзгөчө жетим балдарды чыркыраткан жаман. Жаз алды аталган санаторийдин жанындагы “Мээрим булагы” балдар үйү ээлеген жарым гектарды ыраа көрбөй, кууп чыгуу аракети болгону баарына белгилүү. 150га жакын балдарды асыраган балдар үйүнүн директору Гулнара Дегенбаевага “Ысык Ата” курортунун жетекчилиги ыплас кара пиар уюштурган. Аны “рейдер” деп да чыккан. Кудай бар экен, балдарга жамандык кылгысы келген санаторийдин анабашчылары азыр ысык коррупциялык фактылары дайын болуп, кудайлап олтурушат.

“Мээрим булагына” байланыштуу чыр боюнча “Ысык Ата” санаторийинин директору Алчын Осмонгазиев мындай деген болчу: “Мен эч кимди жамандагым келбейт. Болгону, тийиштүү тараптар, жогорку жактагылар-ар бир ишке мыйзам түрүндө гана мамиле жасаса деген өтүнүчтөмүн! Бизде 200гө жакын адам жумуш менен камсыз болуп келет. Жылына Кыргызстандын бардык аймактарынан жана чет жактардан 5000ден ашык бейтап келип, дартына даба таап кетет. Ушул кезге чейин мамлекетке салыкты өз убагында, так төлөп келебиз. Айтор, эч кимге тийишкен жокпуз, тескерисинче, пайда гана алып келүүдөбүз деп ишенем. Кудай сактасын, эгер курорт-жеке адамдардын менчигине өтүп кете турган болсо, анда ал четинен кертилип, устукандалып отуруп, жок болуп кетүүсү мүмкүн. Кыргыздын ыйык жерлерин сактоого жана анын айланасын гүлдөтүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз. Оозу-мурду кыйшайба туруп ушинткен. Эми жалган айтып, керт башынын кызыкчылыгын көздөп, балдардын убалын ойлобогон Алчындын жаны алты жерден чыкканы турат. Бизге жеткен маалыматка караганда, Антикоррупциялык кызмат анын 300 миң сомдон ашык акчаны салыктан жашырып ийгенин таап чыккан. Мындан башка да коррупциялык схемалары ачыкталууда. Көрсө, Алчын мырза акча дегенде өң-алакеттен кете берет турбайбы…

Республикадагы легендарлуу ден-соолукту чыңдоо курортун мына ушундай адамга ишенип берип коюп, карап олтурган Кыргызстан профсоюздар федерациясына да баракелде! Жакында иши тетири кетип аткан Алчын мырзаны кызматтан алып ттүшүү талабы менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековго демилгечи топ кайрылуу даярдап жатат. Чын да, иштин көзүн билбесе, жегени бул жактан билинип калып атса, кылмыш иши козголсо, анда Алчынды кармап олтурууну эртең президенттикке кетип аткан Соке да жактырбаса керек. Бийликти элге жек көрсөткөн ушундай жетекчилерден арылуу керектигин Соке көп айтчу эмес беле. Ошондуктан, Сооронбай Шарипович, “Ысык-Атанын” директоруна да “Чык эшикке!” дей турган учур келди!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: