Түндүк Корея Тынч океандын батыш бөлүгүндө жайгашкан Гуам аралындагы АКШнын аскер объектилерине ракетадан сокку уруу мүмкүнчүлүгүн тыкыр иликтейт. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө айтылат.
Билдирүүдө кол салуу планын ишке ашыруу үчүн орто аралыктагы “Хвансон-12” ракетасы иштелип жатканы, Ким Чен Ын чечим кабыл алары менен ал колдонулары айтылат.
Бул билдирүүнүн алдында АКШ президенти Дональд Трамп эгер Пхеньян Кошмо Штаттарды опузаласа, Түндүк Кореяны көрүнбөгөн “от жана каар” күтүп турарын эскерткен.
Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 5-августта Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияны бир добуштан кабыл алган. Пхеньян ага жооп иретинде “АКШга олуттуу сабак берерин” айтып опузалаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ