Кыргызстандын түштүк башкалаасынын жетекчисинин тапшырмасына ылайык атайын комиссия Ош шаарынын борбордук базарындагы өрт коопсуздугу менен жеринде таанышты.
– Адегенде эле жер алдында кеткен жолдорду, ошондой эле борбордук базардагы атайын жана өрт өчүргүч техникалар кирчү жайларды тыкыр караштырдык. Айрыкча жеке ишкер Хикматтило Абдуллаевдин дарегине абдан ачуу сын айтылып, ага кечиктирилгис тапшырма берилди. Анткени, кокус өрт чалса, анын базарына өрт өчүргүчтөр кириши дегеле кыйын экен,- деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров.
Ошентип, Ош шаарынын борбордук базарындагы атайын рейддин жүрүшүндө өрт коопсуздугуна байланышкан бир катар көйгөйлөр аныктады. Анын чукул арада четтетүү тиешелүү органдарга жүктөлдү. Айтмакчы, буга дейре Өзгөн шаарындагы базарды чоң өрт чулгап, өрт өчүргүчтөр базарга кыйла убакыт кире албагандыктан, тилсиз жоо жүздөгөн соода түйүндөрүн жалмап таштаган.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ