Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдын 8-августунда болжол менен саат 04:00 чамасында Кара-Көл шаарында жайгашкан посттун жанынан “Тойота-Виндом” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан Токтогул районунун 38 жаштагы Ж.Ө. жана жүргүнчү катары бара жаткан 34 жаштагы Н.Ж. аттуу жашоочуларын токтотушкан. Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 2 кара баштыкка оролгон ак түстөгү зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 2 кг 90 граммды түзгөн “героин” баңгизаты экени аныкталган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча Кара-Көл ШИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандырдын өздүгүн тактоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ