Кечээ, 9-августта КСДПнын Саясий кеңеши чогулуп, партиянын жаштар канатынын лидери Ренат Самудиновду анын курамынан чыгаруу чечимин кабыл алды.
Ренат Самудинов өзү болсо бул нерсе мыйзамсыз экенин билдирип, атүгүл СДПКнын аясий кеңеши өзү мыйзамсыз түзүлгөнүн айтты.
“Мен бүгүн СДПКдан мыйзамсыз түрдө четтетилдим, анткени Саясий кеңеш өзү мыйзамсыз куралган. Саясий кеңеш былтыр Ысык-Көлдө түзүлгөн. Алар атайы Ысык-Көлдө кылышты, себеби кеңештин курамына кирүүнү каалаган көптөгөн эски партиялаштар бар болгондуктан аларды кошпостун аракетин көрүшүп ошол жакта өткөрүштү. Көпчүлүгү ал жака бара албай калышкан” – деди Самудинов.
“Мен мындан ары унчукпай калбайм, мыйзамсыз четтетилген партиянын мүчөсү деп аталып бул нерсе менен күрөшөм”- деп билдирди ал.
Видео – Искен Афиджановдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ