Menu

Максим Бакиевдин кадрлары бийликти алууга кириштиби?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоого эки ай калганда шайлоонун шайтан оюндары башталды. Президенттикке талапкерлердин төртөө өлкөнү сактап калыш үчүн биригип, бирөөнү президенттикке сүрөп чыгышарын жар салышты. Алар кимдер? Төртөө тең: Мадумаров, Төрөбаев, Келдибеков, Ташиев – Максим Бакиевдин кадрлары. Төртөө тең Курманбек Бакиевге эмес, дал Максим Бакиевге кызмат кылышкан. Эми ошол саясатчылар «өлкө коркунучта, биз аны куткарабыз» деп турушат. Кызык, алар Максим Бакиевдин «бригадасынын» белгилүү мүчөлөрү, «шестеркалары», торпедалары болушкандарын эл унутуп койду беле? Деги Кыргызстанда эмнелер болуп атат?
Президент Атамбаев 21-августа, парламенттин расмий сессиясы ачыларына тогуз күн калганда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакыртканы жатат. Мунун эмне зарылдыгы бар эле? Же Кыргызстан коркунучка кабылдыбы?

Көрсө, Максим Бакиевдин кезектеги кадрын премьер-министрликке өткөрүш керек болуп атыптыр. Кимди дебейсизби? Депутаттардын айтымында, президенттин администрациясы бул кызматка Сапар Исаковду түртөт экен. Депутаттар ага кандай суроолорду бериши мүмкүн? 2010-жылы кыргыздын кырчындай жаш жигиттери Максим Бакиевдин снайперлеринин аткан огунан боо-боо түшүп жатканда болочоктогу премьер-министр кайда эле? Америкада, Максим Бакиев менен Ала-Too аянтындагы кандуу окуяларды телевизордон көрүп отурган. Бул – тарыхый факт. Муну апрель революциясынын баатырлары бүт билишет. Эмне үчүн быйыл филармонияда апрель баатырларына арналып өтөрүлгөн салтанаттуу жыйынга келбей, өзүнүн ордуна Фарид Ниязовду жиберип койду? Эмне, корктубу? Премьер-министрликке көрсөтүлгөндө депутаттардын суроолоруна жооп берүүдөн коркпойбу? Депутаттар көп суроолорду бериши мүмкүн. Чех компаниясындагы алдамчылар боюнча, Украинага курал сатуу боюнча…

Максим Бакиевдин кадрлары команданы бир борбордон аткарышууда. Алардын максаты – бийликти алуу. Кызык, бул борбор кайсы жерде жайгашкан? Лондондобу, Минскидеби, же Бишкектеби?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: