Түштүк регионунун тыңчыкмалары биригип, «Төртилик» аталышындагы саясатчылар катуу чыкпадыбы. Буларды уккан айрым бийлик чиновниктери «ыштандарына сийип коюшуптур». Сыягы, биригүүнү алгач уккан бийликчил чиновниктер катуу үркүп жатышкандай. Өң-алеттен кетишип… Эң алгач сыр алдырган президенттик аппараттын маалымат саясатынын башчысы Алмаз Усенов тилин жутуп, «эгер булар бийликке келип калышса, мен анда чет өлкөгө качышым керек» деп кесиптеши Кубат Болоткановго айтканы ушул күндөрү ырасталабы? Президент Алмазбек Атамбаевдин жакын «желдети» ушундай суу жүрөк болуп атса, анда бул бийликтин аягы кандай бүтөт? Ооба, кечээ жигитчиликти туу туткан Кубат Болотканов ачык айтып, бизге Алмаз Усеновдун суу жүрөк жетекчи экенин таластыктарча ачык эле шардана кылып салды. Атаңгөрү, Куке табиятынан Болот Шерден үлгү алган баатыр мүнөз жигит эмес беле?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ