Menu

“Кыргыз Ата” партиясы шайлоодо “Ата-Журтту” колдойт…

Бөлүшүү:

“Кыргыз Ата” элдик саясий партиясынын Саясий Кеңеши Кыргызстан коомчулугуна кайрылуу жасады. Бул туурасында аталган саясий уюмдун төрагасы Төлөгөн Келдибаев маалымдады.

– Кыргыз элинин соңку саясий тарыхында эл эки жолу ачык көтөрүлүп, жек көрүндү бийликти кулатты, ал эми анын бийлик башчыларын өлкөдөн биротоло кууп чыкты. Эмне үчүн  Кыргызстанда мындай чукул саясий бурулуштар, өзгөрүүлөр болуп жатат? Эмне үчүн эл менен бийликтин ортосундагы мамиле мынчалык чыңалып кетти? Бул суроого жоопту биз элибиздин азыркы тарыхынан гана эмес, өткөн карт тарыхынан тапсак болот. Кыргыздын терең  табиятындагы элдик, демократиялык эрк, бийликке, башкарууга болгон нукура улуттук көз караш жана түшүнүгүбүз, менталитетибиз өзгөчө мамилелер системасын, туруктуу түзүмүн жараткан. Улуттук эрк эч качан, эч убакта бийликке тизе бүгүп, кол куушуруп, жагынып  көргөн эмес. Ошол эле учурда биздин элдик башкаруу түзүмүбүздө чыныгы элдик бийликтин, башкача айтканда, демократиянын нукура элементтери болгон. Өлкөнүн өзөгү – Эл, бийликтин ээси дагы,  булагы дагы – Эл! – деди Төлөгөн Келдибаев.

– Биз демократиялык багытты улам тереңдетип, башкарууну тынымсыз реформалашыбыз керек. Реформаны эң оболу ошол реформаторлордун өзүнөн гана баштообуз абзел! Эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн иштей турган мезгил келди.

Төлөгөн Келдибаевдин пикиринче, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн эки принципти бекем карманышыбыз кажет: биринчиси – “элди алдабайлы”, экинчиси – “элдин добуштарын уурдабайлы”.

Ошондуктан, Төлөгөн Келдибаев “Кыргыз Ата” элдик саясий партиясынын Саясий Кеңеши алдыдагы президенттик шайлоодо мекенчил “Ата-Журт” партиясынын жолбашчылары Акматбек Келдибековдун жана Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин колдоо боюнча чечим кабыл алды жана шайлоо өнөктүгүндө алар менен активдүү кызматташаарын жарыялады.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

91 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: