Өткөн жумада Бишкек ШИИББ башчысы, полковник Самат Курманкулов кызматынан алынды. Ишиндеги кемчиликтери үчүн деген болбогон формулировканын негизинде. Аныгында Самат Курманкулов жетекчилик кылган бир жылда Бишкек шаарында шаардык кеңештин шайлоосу менен референдум өткөнү, буга удаа чоң салтанаттагы ири иш-чаралар, майда-чоңу аралаш митинг-пикеттер орун алып, баш калаанын коомдук коопсуздугун сактоодо дал ушул жетекчинин арты менен үлкөн иштер болуп тургандыгын кайда катат элек? Негизи бул орунга алчы-таасын, такымын жеген генералдар дайындаларын эске алганда, кырктын кырындагы жаш жетекчиге ИИМдеги интриган карышкырлар болушунча бут тосуп, анын ордуна көз кызарткандарычы? Ушунун баарына Чүйдөн чыккан чыйрак кадр болушунча чыдады. Акыры болбогон шылтоолор менен кызматынан сүрүп коюшту. Албетте, бул көрүнүш убактылуу экени, кезеги келгенде баалуу кадрга карата ийгилик жылмаяры турган иш.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ