Menu

Кумар оюндарынан кутула элекпиз

Бөлүшүү:

Жарандык активисттер Кыргызстанда тыюу салынганына карабастан жабык иштеген казинолордун ишмердиги күчөп жатканын билдиришүүдө. Кумар оюндары адатта интернет клуб же башка бир оюн-зоок мекемеси катары катталып алып, көмүскөдө иштеп, ага барган оюнчулардын саны көбөйүп жатканы айтылды. Мунун кесепетинен карызга батып, үй-мүлкүн күрөөгө койгон жана тагдыры талкаланган жарандардын үй-бүлөлөрү даттанып, тез арада чара көрүү талабын коюшту.

«Сезим»кризистик борборунан Бүбүсара Рыскулова адатта мындай көмүскө жайларга чара көрүүгө кызыкдар тартип сакчылары аны айланып өткөн учурлардын күбөсү болгонун айтты. Рыскулова кумар оюндары жайгашкан мекемелердин тизмеси жана алардын дайын-даректери тууралуу маалыматтарга тиешелүү чара көрүлбөй жатканын маалымдады.

Булак: «Азия Ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: