Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде унаа кырсыгы катталып, натыйжасында ата 7 жаштагы уулу менен каза тапты.
ӨКМдин билдиришине караганда кечээ, 9-августта кечки саат 8дер чамасында Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын кире беришинде “Фольксваген Вента” үлгүсүндөгү мамлекеттик S01-28Н номериндеги жеңил унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн.
Унаанын ичинде 3 адам болгон, айдоочу жана 201о-жылы туулган 7 жаштагы жана 12 жаштагы эки баласы. Алган жаракаттардан улам айдоочу өзү менен кошо 7 жаштагы баласы ошол жерден жан берген. 12 жаштагы бала болсо оор акыбалда Каракол шаардык ооруканасына жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ