Пхеньян августтун ортосунда Тынч океандын Гуам аралындагы америкалык базага сокку уруу боюнча ишин аягына чыгат. Бул тууралуу Түндүк Корея армиясынын кол башчылыгынан билдиришти.
Пхеньян орто аралыктагы “Хвасон-12” ракеталарын учурууну көздөп жатканын маалымдады. План боюнча алар Жапониянын үстүнөн учуп өтүп, Гуамдан ондогон чакырым алыс аралыктагы сууга тушүшү керек. Түндүк Кореянын жетекчилиги алардын ракеталык программасы аймактагы америкалык күчтөрдү токтотууга гана багытталганын билдирүүдө.
Буга чейин АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Түндүк Кореяны өзөктүк куралдарды иштеп чыгууну токтотууга жана башкалардан обочолонбоого чакырган. Ага чейин АКШ президенти Дональд Трамп Пхеньяндын опузасына болуп көрбөгөндөй жооп кайтарыларын эскерткен.
“Түндүк Корея келечекте Кошмо Штаттарын коркутуп-үркүтүүдөн карманышы зарыл. Антпесе алар эси көөнүнөн кеткис көргүлүктү көрөт”- деген эле Трамп.
Өткөн ишембиде БУУнун Коопсуздук Кеңеши континент аралык баллистикалык ракеталарды сынагандыгы үчүн бир добуштан Түндүк Кореяга каршы санкцияларды катаалдаштыруу боюнча резолюция кабыл алган. Пхеньян документти четке кагып, бул өлкөнүн суверенитеттүүлүгүн бузарын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ