Menu

Сотто кечке тынбай сүйлөгөн Текебаев өзүн жаман сезип, “тез жардам” чакырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан Текебаев/Чотонов сот ишинде кечке тынбай сүйлөгөн айыпталуучу Өмүрбек Текебаев өзүн жаман сезип, “тез жардам” кызматы чакырылды. Бул тууралу сотто катышып олтурган “Ата-Мекен” партиясынын жаш активисти Жакшылык Бердибек уулу билдирди:

“Cудья Айбек Эрнис уулу “бүгүн Текебаев жарыш сөзүн бүтмөйүнчө соттук ишти токтотпойбуз” деди.

Текебаевдин жана залдагылардын иш күнү бүттү. Курсак ачты. Текебаев кулап калмайынча сотту токтотпойт окшойт.

Эрнис уулу Айбек өчөшүп түнү менен деле иштейбиз дейт.

Ее мое. Аябай ишенет го бул судья өзүнө.

Текебаев залда отурган Каныбек Иманалиевге “мындай судьяларды укумдан тукумга чейин ушул мыйзам бузуусунун азабын тарткандай мыйзам кабыл алгыла”- деди.

Текебаев кечке сүйлөдү. Тынбай сүйлөп түшүндүрүүгө аракет кылды. Бирок, судья көңүл бурбай отура берди. Акыры “түнкү 12ге чейин болсо дагы сот бүтпөйт” деп сотту токтоткон жок.

Азыркы учурда Текебаевдин ден соолугунун абалы начарлап “тез жардам” чакырылды. Азыр врачтар жардам көрсөтуп жатат.

Түнү менен сот ишин бүтүрөт окшойт”

фото 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: