Прокурорлор “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү жана эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик ишке аралаштырбоону сурап жатат.
Сот процесси жүрүп жатканда Текебаев өзүн начар сезип, чакырылган тез жардам кызматынын дарыгерлери ага жардам көрсөтүштү. Кийин сот залына кайтып келген саясатчы кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтты.
Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча “Ата Мекен” партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келишет.
“Ата Мекен” партиясынын беш өкүлү Бишкекте, дагы беш өкүлү Базар-Коргондо алардын бошотулушун талап кылып ачкачылык кармап жатышат. Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ