Menu

Канат Исаевдин шермендеси чыкпайбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативалык жолдун курулушу башка трассаларга салыштырмалуу эки эсе кымбат курулуп жатканын айтып чыкты. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов депутаттын шектенүүсү негизсиз экенин айтууда. Анткени аталган жолдо көпүрө, тоннель сыяктуу каражатты көп талап кылган курулуштар бар. Белгилей кетчү жагдай, Канат мырза буга дейре Балыкчы-Корумду жолу боюнча ошол учурдагы Өкмөт башчы Темир Сакриевди 1 жарым миллиард сом ашыкча көрсөткөн деп айыптап, кызматтан алып түшкөн. Бирок бул «эрдиги» үчүн кийин мурдунун суусун агызып, кечирим сурап, айтканынын баарысын артка алган. Эми болсо ошол кылыгын кайра баштап отурат. Бул жолу айткан сөзүн кайра артка алып, шермендеси чыгабы, же жигиттик кылып коррупциялык схеманы ашкерелейби күтө туралы. Балким, шайлоо алдында өзүн пиарлоо үчүн шоу жасап жатат?..

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: